Шакиев: «Кийинки жылдын бюджети 20 миллиард сом профицит менен кабыл алынганы турат»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районуна барып, Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында жайгашкан орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Аталган мектептин мурда колдонулуп жүргөн имаратынын бири 1989-жылы салынса, экинчиси 1997-жылы ишке берилген. 2015-жылы ӨКМ тарабынан мектеп жараксыз абалда экени аныкталган. Ага ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

“Акыркы үч жыл аралыгында мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, жолдор жаңыланып, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Республикалык бюджетибиздин көлөмү үч жыл мурун 240 миллиард сомдун тегерегинде гана болсо, кийинки жылдын бюджети 600 миллиард сомдон ашары күтүлүүдө. Андан тышкары, буга чейин өлкө бюджети таңкыстык менен гана бекитилип келсе, кийинки жылдын бюджети 20 миллиард сом профицит менен кабыл алынганы турат. Дагы бир тарыхый жагдай биринчи жолу ички дүң продукциябыздын көлөмү 1 триллион сомго чыкты. Бул көрсөткүчтөр туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын, жемкорлукка каршы күчөтүлгөн күрөштүн жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракетинин жемиши десек болот”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле акыркы үч жыл ичинде 200дөн ашуун мектеп курулганын айткан төрага: “Анын ичинен быйыл пландалган 100 мектептин ичинен 90дон ашууну пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин калганы да бүткөрүлүп, окуучуларга эшигин ачат”, – деди.

Салтанатта Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдун сертификатын жана заманбап компьютерлерди тапшырып, агартуучуларды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чакырды.