Шакиев майыптыгы бар балдардын мекемесине кичи автобус белекке берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна барган иш сапарында Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен кабар алып, абалы менен таанышты.

Бул мекеме 1936-жылы карылар үйү катары ачылып, 1970-жылы Жалал-Абад психоневрологиялык балдар интернаты болуп өзгөргөн. 2015-жылы кайрымдуулук фонд тарабынан 40 орундуу жаңы имарат курулуп, 2019-жылы өкмөт бөлгөн каражаттын эсебинен дагы эки кабаттуу жаңы имарат ишке берилген. Мекемеге республиканын бардык булуң-бурчунан 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар кабыл алынат. Азыркы тапта 110 бала бар.

“Калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет. Андыктан жөлөк пулдарды көбөйтүү менен керектүү шарттарды түзүү аракетин тынымсыз улантабыз”, – деди төрага.

Мекемеге барар алдында Нурланбек Шакиев кандай муктаждык бар экенин сураткан. Өз кезегинде жамаат балдарды жана керектүү жүктөрдү ташуу үчүн кичи автобус зарыл экенин белгилешкен. Ага ылайык, төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, бүгүн аталган мекемеге Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырды. Ошондой эле балдарга керектүү белектер берилди.

Өткөн жылы да Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ичке-Суу (Маловодное) айылында жайгашкан Майыптыгы бар адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна да кичи автобус белек кылган.