Шакиев: «Мектептер салынып, мугалимдердин айлыгы жогорулаганына карабай, билим берүүнүн сапаты өтө төмөндөп кетти»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин иш сапары Ош облусунун Кара-Кулжа районунда уланды. Ал Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылына курулган Ысак Жорокулов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Буга чейин колдонулуп келген имараты 1974-жылы ашар жолу менен курулуп, 2014-жылы авариялык абалда экендиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу чыккан. Ага ылайык, өткөн жылы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган.

Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу менен аларга каржылык колдоо көрсөткөндөрдү аныктоо жаатында да көп иштер жасалып жатканын айткан Нурланбек Шакиев мыйзам үстөмдүгү баарынын бийик турарын, өлкөдөгү туруктуулук өнүгүүгө өбөлгө экенин кошумчалады. Муну менен катар акыркы үч жыл аралыгына айлык маяналар, жөлөк пулдар, пенсиялар эселеп көбөйтүлгөнүн эске салып, дагы көтөрүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

«Бирок заманбап мектептер салынып, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылып жатканына карабай, билим берүүнүн сапаты өтө төмөндөп кетти. Түзүлгөн шартты туура пайдаланып, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча элет жериндеги балдарга татыктуу таалим-тарбия беришибиз кажет. Анткени, тоолуу элдин арасынан таланттуу, өнөрлүү инсандар, эл башкарган азаматтар арбын чыгат», — деди Нурланбек Шакиев.