Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы менен жолугушту

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин II парламенттер аралык форумунун алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасынын учурдагы абалына токтолгон Нурланбек Шакиев: “Боордош эки элдин бир туугандык жана достук мамилеси жигердүү өнүгүп, калкыбыздын ынтымагы Париж шаарында өткөн олимпиадада көпчүлүктү суктантты. Спортчуларыбыз биримдигибиздин бекемдигин бири-бирине көрсөткөн колдоосу менен далилдешти. Мындай тыгыз байланышты бардык тармактарда өнүктүрүп, өз ара кызматташтыкты арттыра беришибиз керек. Азыр эле Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси эки өлкө ортосундагы дагы эки өткөрмө жайдын, тагыраагы “Кең-Сай” жана “Кара-Суу” өткөрмө бекеттеринин ачылганын маалымдады. Өткөрмө жайлардын ачылышы калк арасындагы каттамдын көбөйүшүн шарттап, жакын коңшулук мамилелерди чыңдоого көмөкчү болору анык”, – деди.

Мындан тышкары, быйыл Кыргызстанга келген туристтердин ичинен өзбекстандыктар арбын болуп, биринчи орунга чыкканын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Бул маалыматтар эки өлкөнүн алакасынын өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Танзила Нарбаева эки өлкөнүн мамлекет башчылары алакаларды чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, акыркы жылдары кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн эске салды. “Айрыкча экономикалык байланыш жигердүү өнүгүп, соода жүгүртүүбүздүн көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө умтулуп жатабыз. Эки мамлекеттин бул жааттагы мүмкүнчүлүктөр өтө көп”, – деди сенат төрайымы. Мындан тышкары, эки өлкө ар дайым бирге экенин, эл аралык уюмдар алкагында да Өзбекстан Кыргызстанды ар убак колдой турганын айткан Танзила Нарбаева Борбор Азия мамлекеттеринин кезектеги III парламенттер аралык форумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаган Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.