Шакиев Рахмон менен жолугушту. Эмне тууралуу сүйлөшүштү?

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Жолугушууга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери, ошондой эле Иран жана Пакистандын парламенттеринин делегация башчылары да катышты. Тараптар тарыхый байланышы терең элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодогу парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.
Нурланбек Шакиев Дүйшөмбү шаарына Тажикстандын баш мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.