Шакиев Санкт-Петербургда өтүп жаткан БРИКС парламенттик форумунда мамлекеттик тилде баяндама жасады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан онунчу БРИКС парламенттик форумуна катышты.
Иш-чарада мамлекеттик тилде кеңири баяндама жасаган Нурланбек Шакиев эл аралык алакаларды арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, анын ичинен БРИКС+ форматында уюштурулуп жаткан форум кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады. “БРИКС глобалдык маселелерди чечүүгө умтулган, көп полярдуу дүйнө идеясын, теңдик жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү максатын көздөгөн уюм катары белгилүү. Андыктан БРИКС+ форматына катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Биз көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга, көптөгөн тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди төрага.
Муну менен катар парламенттик институттар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинен Кыргызстанда да элдин кызыкчылыктарын коргогон, мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын көзөмөлдөгөн негизги мамлекеттик орган экенин айткан Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштерге да учкай токтолду. Ошондой эле олуттуу талаш-тартыштарды жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө парламенттердин ролу чоң болгонун тастыктаган мисалдар дүйнөдө арбын экенине токтолгон төрага: “Айрыкча азыркы геосаясий кырдаалдын шартында парламенттик дипломатиянын ролу кыйла жогорулоодо. Андыктан, мындан ары да парламенттик дипломатияны пайдаланып, мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө салым кошуубуз кажет. Анын үстүнө калк тарабынан шайланып келген эл өкүлдөрү катары, биз мамлекеттик деңгээлдеги кызматташтыкты гана өнүктүрбөстөн, элдерибиздин ортосундагы байланышты да кеңейте алабыз. Себеби, жарандарыбыздын жакын мамилеси, мамлекеттер аралык өнөктөштүктө да өзгөчө мааниге ээ”, – деди.
Андан тышкары, жакында эле Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кыргызстандын президенти тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн көп тараптуу диалогду бекемдөө зарыл экенин баса белгилегенин мисал кылган Нурланбек Шакиев: “Өлкө башчыбыз айткандай, көп тараптуу диалог өз ара пайдалуу кызматташуунун оптималдуу жолдорун табууга, ошондой эле көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарыбызды, билимибизди жана тажрыйбабызды бириктирүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Андыктан форумга катышып жаткан бардык мамлекеттер менен парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарбыз”, – деп билдирди.
Онунчу БРИКС парламенттик форумуна 16 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.