Шакиев: “Туу өзгөрөр менен эле унаалардын номурларын же ар кандай документтерди дароо өзгөртүү талап кылынбайт”

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Демилгечилер белгилегендей, мыйзам долбоору башкы мамлекеттик символдорубуздун бири саналган Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртууга багытталган. Тагыраагы, туудагы айрым элементтерге тактоо киргизип, өзгөртүү сунушталууда.

Талкуу маалында демилгечилердин бири, төрага Нурланбек Шакиев бул маселеге байланышкан түрдүү пикирлер айтылып, туура эмес маалыматтар тарап жатканын белгилеп: “Туу өзгөрөр менен эле унаалардын номурларын же тууга байланышкан ар кандай документтерди дароо өзгөртүү талап кылынбайт. Колдонуу мөөнөтү аяктаганча кала берет. Мамлекеттик мекемелерде, Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык бирикмелерде, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтеринде илинип турган жалпы 150дөй туу алмаштырылат”, – деди.