Шакиевдин Азербайжандагы расмий сапары башталды

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Азербайжандагы расмий сапары башталды. Алгач төрага Азербайжандын Улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Андан соң өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон Азербайжан элинин баатыр уулдары көмүлгөн Шейиттер аллеясындагы Өчпөс отко да гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди.

Расмий сапар мындан ары жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анда мамлекеттер аралык байланыштарга жана парламенттер ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маанилүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Джумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.