«Шакиевге мен айткам». Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясы меники деди

Бүгүн, 16-декабрда экинчи Элдик курултайда Садыр Жапаров тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди. Ал кабыл алынган күнүн, жаштык кезин кошо эске салып өттү.

Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде жолугушууларга жана саммиттерге катышуу үчүн бир катар өлкөлөргө барганын, айрым жолугушууларда “силер күн карама эгип май өндүрүп чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты.

“Спикер Нурланбек Шакиевге “Ушундай болуп жатат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип, мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурланбек Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле. Бир тыйын чыгым кетпейт. Желекти оңдогонго мени бир колдоп берип койгулачы. Менин бир суранычым ушул”, — деди өлкө башчысы.