«Сиз эмне өзгөчөсүзбү? Көп эркелебеңиз». Шакиев Орунтаевге кайрылды

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаевге кайрылды.

«Нурдан мырза, сөз болду. Болгондой айтыш керек. Чакырылганда келбей, өзгөчө чакыруу менен келип жатасыз. Өзгөчөсүзбү? Эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда «эрке бала» болгон. Көргөнбүз алардын тагдырын. Учуру келгенде ошолор биринчи жазаланат. Эркелесең эркеле, бирок чолчоңдобо деген сөз бар», — деди төрага.