«Сиз тоолуу Нарындын кулунусуз, эмнеге жарымы орусча, жарымы кыргызча сүйлөйсүз?» Шакиев Жапаровду сынга алды (видео)

Бүгүн, 29-июнь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду эки тилде аралаштырып сүйлөгөнү үчүн сындады.

«Кыргыз мамлекети, кыргыз тили биз үчүн маанилүү. Бул жакта сүйлөгөнүңөрдүн жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч ким түшүнбөйт. Тилди кордобогулачы?! «Улуу көчмөндөр мурасы» деп слайд көрсөтүп жатасыңар, ичи орусча. Өзүңөрдүн сөзүңөрдүн жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эмнеге мамлекеттик тил өнүкпөйт? Себеби ушундай мамиле кылып жатабыз. Уят эмеспи, Акылбек Усенбаевич, сиз нукура кыргызча сүйлөгөн тоолуу Нарындын кулунусуз. Сиз Министрлер кабинетин башкарып турганда кыргыз тилине ушундай мамиле болсо, мындан кийин башка бирөөдөн жакшылык күтпөйм. Тилди сыйлагыла. Кулагыңарга күмүш сырга, мындан кийин парламентте баары кыргыз тилинде болсун!» — деди Шакиев.