Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.
Ал өз программасын тааныштырып жатып, өкмөттүн курамы кыскартыларын айтты. Анын айтымында, Социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине бириктирилип, спорт боюнча комитет Маданият министрлигинин курамына кирди.
«Биздин өлкө айыл чарбасына ылайыкташкан. Бул тармак өлкөнү өнүктүрүүдө негизги сектор болуп эсептелет. Андыктан аймактарды өнүктүрүү миссиясын аткарат. Курам боюнча, 16 өкмөт мүчөсүнүн баары дасыккан, өз тармагын мыкты билген адистер десем болот. Алардын 8и жаңы өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле мурдагы иштеп жаткан 8 адам бар»,- деди Марипов.
Мындан тышкары Экономика жана Финансы министрликтерин да бириктирүүнү да көздөп жатышат.
Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповду парламенттеги көпчүлүк коалициясынан «Республика-Ата Журт» фракциясы көрсөттү.