Сөгүш жана эскертүү алган жетекчилердин тизмеси

Президенттин жарлыктарынын аткарылышы жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана мамлекеттик органдарда аткаруу тартибинин абалы боюнча маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди.

Эскертүү алгандар:
1. Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
2. Талантбек Иманов – президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
3. Азамат Буржуев — президенттин администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Сөгүш алгандар:  
1. Нурия Кутнаева — санариптик өнүктүрүү министри;
2. Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
3. Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
4. Жумамүдүн Жумалиев — санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
5. Бүбүжан Арыкбаева — саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
6. Асел Раимкулова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
7. Элчибек Жантаев — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мындан тышкары, президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча мамлекет башчыга сунуштар киргизилет.