УКМК бийликтин бир партиясынын каржыланышы боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Ал партия үчүн мамлекеттик ишканалардан ири суммада акча каражатын алган деген шек менен эки үлкөн чиновник камакка алынды.
Алгач, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган эле. «Ал мамлекеттик ишкананын жетекчисин «кызматтан кетесиң» деген коркутуу менен 7 миллион сом алып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын бирине короткон»,- деп маалымат таратылган. Дыйканбаевге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон. УКМК партиянын атын ачык атабаса да коомчулук ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун «Биримдик» партиясы тууралуу сөз болуп жатат деп божомолдогон.
Ушундай эле шектин негизинде 10-декабрь күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Бакир Таиров камакка алынды. УКМК «Бакир Таиров мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинен ири өлчөмдө акча каражатын алганы аныкталды. Финполициянын мурдагы жетекчиси ири сумманы берүүгө бир мекеменин жетекчисин мажбурлаган. Акча 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун алдында партиялардын бирин каржылоо үчүн алынган»,- деп маалымат таратууда.