Сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Бишкек шаардык сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.

Акын жана коомдук активист Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган.