«Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан “24 kg” маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин “баш аламандык уюштуруу” шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем», — деп жазылат эл өкүлүнүн билдирүүсүндө.
Буга чейин бүгүн, 16-январда таңкы саат 6дан тартып бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылып, айрымдарынын кармалганы да маалымдалган. ИИМден «Айт айт десе» жана «Temirov Live» массалык баш аламандыкка чакыргандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришти.