Спикер Шакиев: «Бишкектин 4 районунун аталышын тез арада өзгөртүү керек»

Кыргызстандагы аттары башка тилдерден алынган аймактардын аталышын өзгөртүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик курултайдын жыйынында билдирди.

Парламент спикеринин айтымында, мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатына жете элек. «Бизде дагы башка тилдерден аттары алынган конуштар бар. Тез аранын ичинде Бишкектин төрт районунун атын өзгөртүү керек», — деди Нурланбек Шакиев.