Спикер Талант Мамытов ТүркПАнын жыйынына келген конокторду тосуп алды. Сүрөттөр топтому

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов келген конокторду тосуп алып, андан ары жыйындар залына киришти. Ал ТүркПАнын кезектеги отурумдарына келип, катышып жаткандыгы үчүн ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчыларына ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жыйында бир катар маанилүү маселелер караларын маалымдады.

Андан соң Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баяндама жасап, ТүркПАнын атынын өзгөрүшү менен кызматташтыкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө багытталган жаңы пландар коюларын кошумчалады. Ал эми Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп боордош өлкөлөрдүн байланышын өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүп, айым депутаттар жана жаш эл өкүлдөрү арасында да кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.