Сугат жерлерге социалдык объектилерди курууга уруксат берилди

Айдоо жерлерге мектеп, оорукана, ден соолукту чыңдоо комплекстерин, лабораторияларды курууга уруксат берилди.

“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзамга ылайык, муктаждык болсо, сугат жерлерди менчигине карабастан трансформациялоого болот. Документтин 8-пунктуна ылайык айдоо жерлерге суу чарба курулуштарын да курууга мүмкүнчүлүк берүү каралган.