Сугат суу таңкыстыгы. Бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери сөгүш алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады.

Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганын белгиледи. «Дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана кириштиңиздер», — деди ал. Президент Садыр Жапаров сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын белгилеп, бул үчүн жогоруда аты аталган жетекчилер жеке жоопкерчилик аларын кошумчалады.

Июнь-июль айларында Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары митинг өткөрүшүп, түшүм талаада куурап жатканын айтып, тынчсызданышкан эле.