Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов 10 мүнөт берип коюуну суранды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу добушка коюп, «сизге бүгүн дагы сөз жок» деди.
«Бул аябай жаман белги. Бизде мыйзам чыгаруу бийлик бутагы толугу менен узурпация болуп калыптыр. Өтө жаман көрүнүш. Жакшылыкка алып келбейт. 73 киши катталган. Катышканы 24. Ошол 24 катышкандын 19у «макул» деп жатат. Эмнеге сөз бербей жатасыңар? Парламент жокко эсе. Бул жакшылыкка алып келбейт», — деген Султанбай Айжигитов.
Ал кечээ, 12-марттагы жыйында да сөз сураган. Сунушу добушка коюлуп, бирок өткөн эмес.
«Эми мага сөз да бербейсиңерби? Муну кандай деп түшүнсө болот? Мыйзам деген барбы? Уялбайсыңарбы? Сөз берип койгула да. Фракциядан чыкканым тууралуу айтып коёюн деп жатам. Андан башка эч нерсе айтпайм, чек ара тууралуу да унчукпайм. Сөз берип койгула. Бет деген барбы?» — деген ал.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Султанбай Айжигитовдун Жогорку Кеңеш тууралуу айткандары боюнча айрым депутаттардын пикирин жарыялады.