Сурабалдиева: «Былтыр зордук-зомбулук боюнча 640 иш козголуп, 21 пайызы эле сотко жеткен»

Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында зордук-зомбулук боюнча Башкы прокуратурадан алган статистиканы окуп берди.

«2019-жылы зордук-зомбулук боюнча 278 иш козголсо, сотко 38 пайызы эле жетет. 2020-жылы 673 иш козголсо, 16 пайызы сотко жетиптир. 2021-жылы 640 иш козголуп, 21 пайызы сотко жеткен. Ошондо зордук-зомбулукка дуушар болгон адамдардын баары кайрылбайт да. Ушулардын 95 пайызы жашы жете электер жана аялдар. Иш козголсо, аларды коркутуп, тосмо арыз жаздырышат экен. Эмки жума Башкы прокуратура, ИИМ келсин. Муну колго албасак болбойт», — деди ал.