Сурабалдиева: «Кыргызстанда бир эле президент бар да. Мен экөө деп ойлоп жатам»

Жогорку Кеңештин жыйынында Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиеваны «Кудайберген» базардан 70 миллион сом салык төкпөй койгон деп айыптап чыкты. Депутат базарда 2,5 ай текшерүү жүргөнүн айтты.

«Төрага, бизде канча президент бар? Бирөө туурабы? Мен экөө бар деп ойлоп жатам. Каалагандай калчап, коркутуп, күнүңөр аял кишиге түшүп калгандай болсо, сиздин да аялыңыз, сиздин да кыздарыңыз бар. 17 жыл мурда апамды Бакиевдер чырылдатып, жалдыратып коюшкан. Ошондо 40 күн келип, куураткан. Ошол кайталанып жатат. Бул жактагы депутаттар сүйлөй да албай калышты. Сизге жакпагандын баарын кууп, атып эле салбайсыздарбы? Сиз менен эч ким айтышпай да калды. Мен сиз тууралуу такыр башка ойдо болчумун», — деди депутат Ташиевге.

УКМКнын төрагасы Эльвира Сурабалдиевага «Мамлекетте канча президент бар экенин билбесеңиз уят эмеспи» деп жооп кылды.