«Сууга макарон кайнатып ичип отурушат». Атазов Олимпиадага даярдоо боюнча спорт интернатына барганын айтып берди

Бүгүн, 7-декабрда депутат Шайлообек Атазов спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнүүчү каражаттын суммасын көбөйтүү маселесин көтөрдү. Эл өкүлү өлкөнүн спортчулары дүйнөлүк чемпионаттарда ийгилик жаратып жатканын белгилеп, спортту өнүктүрүү боюнча бир нече сунуштарын айтты.

“Армения, АКШ, Кытайда спортчуларбыз байгелүү орундарды алып келип жатат. Бул спорттун алдыга жылып жатканынын белгиси. Бизде Жогорку Кеңештин депутаттары федерацияларды жетектеп, салым кошуп жатасыздар. Олимпиадага даярдоо боюнча спорт интернатына барсак, ал жерде кадимки сууга макарон кайнатып ичип жатат. Бир күндүк тамагына 220 сом бөлүнөт экен. Олимпиадалык жыл келе жаткандыктан буга катуу көңүл буруш керек. Башка мамлекеттердин спортчулары 700 сомго стейк жеп жатса, биздин спортчулар 109 сомго эмне жейт”, — деп суроо салды Атазов.

Төрага Нурланбек Шакиев бюджет каралып жаткан учурда спортчулардын, машыктыруучулардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн акчаны көбөйтүү, айлык акысы боюнча маселеге көңүл буруу керектигин кошумчалады.