Жумалиев 100 миллион сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө мамлекеттик казынага төгөм дегенинен “бул аз” деп болбой койсок, Биринчи Май райондук соту чыгарып салды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев казынага бир да тыйын төлөбөй балдарын камактан чыгарып алган.
29-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Жумалиевге жана анын туугандарына карата кылмыш ишин козгогон болчу. Ал эми Биринчи май райондук сотунун 31-январдагы чечими менен Э.Б.Жумалиев үй камагына чыгарылган. Ал 29-мартка чейин үй камагында болот. Ошондой эле С.М.Мырзабеков да 29-мартка чейин үй камагына чыкты.