Сыймык Жапыкеев: «Садыр Жапаровго таарыныч болду. Финполду жоюп салды»

Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев маек берип жатып, президент Садыр Жапаровго болгон таарынычын билдирди.

«Садыр Жапаровго таарыныч болду. Финполду жоюп салды. Эми анын деле себептери бар экен», — деди ал.

Ал мындан тышкары, өлкө башчысы өзүнүн саясатын жүргүзүп жатат деп эсептейт. «Эң негизгиси башка бирөөгө көз каранды болбошубуз керек», — деди ал.