Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Өмүрзаковдун Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышары айтылды.
Ал 2008-2009-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2009-2020-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеген. 2016-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.
Ал эми анын ордуна кызматка Адылбек Бийбосунов дайындалды. Бийбосунов буга чейин ИИМдин башкы кадрлар бөлүмүнүн башчысы, ИИМдин Академиясынын башчысы болгон.