Чуулгандуу саясий иштерде жактоочулук кылып келе жаткан адвокат Таалайгүл Токтакунова СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановдун үй-бүлөсүндөгү абалга токтолду.
«Апасы УКМКдагы тергөөдө инсульт алып, ооруканада жатса, атасы абакта, үйүндө калган уулу менен 11 жашар кызынын көзүнө тиктеш мага оор болуп жатат. Курсан Асановдун жубайын кысымга алуу Кой-Таш окуяларынан кийин эле башталган. Аскердик прокуратурага тергөөгө барып жүрдү. Анан экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, андан соң УКМКга суракка чакыра башташты. Тергөөчүнүн кабинетинде инсульт алып, эс-учун жоготуптур. Күйөөсүнүн камакта экенин билбейт. Врачтар андай маалыматты айтууга болбойт дешкен. Кечээ баласы чалып, жардам бериңиз, апамды ооруканадан чыгарып кеткиле деп жатышат дейт. Өз алдынча басып, сүйлөп, жакшы болуп калдыбы деп сурасам абалы жакшы эмес, сүйлөй албайт, баса албайт деди. Ошондой абалдагы аялды ооруканадан чыгарып кеткиле деп жатышат, элестетсеңиз! Макул, жеке менчик ооруканаларга алпаралы десем, багыттама жазып бербей жатыптыр. Ушундай абалдабыз», дейт жактоочу.
Таалайгүл Токтакунованын маегин шилтемеден табасыз.