Мыйзамсыз баюу беренеси менен соттолуп, учурда абакта жаткан мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал банк ячейкаларынан табылды делинип интернетке тараган миллион доллар, ал акчанын кимге берилгени боюнча баяндап берди.
«Зилалиев мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталган биринчи чиновник болду. Зилалиевдин банктагы акчасы экен деген видео кандайча интернетке тарап кеткени азыркыга чейин табышмак. Ал УКМКдагы тергөөдө миллион доллар ошол кезде президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун акчасы болгонун, аны өзүнө алпарып бергенин, буга Сапар Исаков күбө болгонун айтып берген. Бирок тергөөдө бул көрсөтмөгө такыр маани бербей коюшкан. Биринчи инстанциядагы сот да буга маани бербеген. Тескерисинче, эл эшикте митингде турганда, 5-октябрда Зилалиевди шашылыш түрдө соттоп жиберди. Ошондуктан биз Бишкек шаардык сотунан сурандык. Райондук сот эл эшикте революция жасап жүргөндө шашылыш өкүм чыгарып салды эле. Эми силер сотто революция жасап экс-президент Сооронбай Жээнбековду сотко келтирип бергиле деп. Сот биздин өтүнүчтү канааттандырды. Балким, Сооронбай Жээнбековдо «кара касса» деген ызы-чууга жиптин учугу барып калат деген чочулоо болуп жаткандыр. Бирок ал өлкө башчысы болду да? Өзү башкарган өлкөдөгү өзү иштешкен адамдын тагдырына кайдыгер карабашы керек. Ал президент болгон адамдын аброюна туура келбейт. Сооронбай Жээнбеков сотко келиши керек»,- дейт жактоочу.
Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.