Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди (видео)

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ал Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.