«Такыр жок». Балбак Түлөбаев Балыкчынын мэрин 1 жумадан бери таппай жатканын айтты

«Бир жумадан бери Балыкчынын мэрин таппай жатабыз. Такыр жок», — деди депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Ордунда жок. Вице-мэр камалып кетти. Балыкчыда азыр бийлик жок болуп жатат. Ушуну өкмөткө айтып, мэрди тапсаңар алып келип, таппасаңар ары кетирбейсиңерби. Кыш келе жатат. Кечээ губернатор да кетип калды. Балыкчы шаарын билесиз, бардык жактан кыйналып жаткан шаар. 1 жума болду мэр жок. Жардам берип коюңузчу», — деди ал.

Балыкчынын мэри Бакыт Шаршеев, ал бул кызматка ушул жылдын июль айында дайындалган.