Талант Мамытов БУУнун өкүлүнөн техникалык каражат сурады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун демилгеси менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуу болду.

Төрага Кыргызстандын БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташтыгынын жакшы натыйжаларын белгилеп, ”Күчтүү жана инклюзивдик парламенттик демократия” долбоорун жана Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин жакшыртууга багытталган “Жогорку Кеңешин өнүктүрүү стратегиясын” ишке ашыруунун алкагында биргелешип жасалып жаткан иштерге жогору баа берди. Өз кезегинде БУУнун туруктуу өкүлү уюмдун социалдык-экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, жашыл экономика, санариптештирүү, гендердик теңдикти өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгү жана Жогорку Кеңеш менен мындан аркы кызматташтык боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле мыйзамдарды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча алдыда жасала турган иштерге өзгөчө көңүл бурулду. “Референдумдан кийин “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору боюнча мыйзам чыгаруу органына бардык ченемдик-укуктук нормаларды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү жагынан чоң жана олуттуу өлчөмдөгү иштер жүктөлүүдө”, — деди төрага.

Ушуга байланыштуу Талант Мамытов Жогорку Кеңештин аппаратынын маалыматтык-техникалык базасы начар абалда экендигин айтып, 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолор учурунда парламенттин имаратындагы инфратүзүм жана техникалык ресурстар олуттуу зыянга учураганын белгиледи. Ал БУУнун Өнүктүрүү програмасын Жогорку Кеңештин маалыматтык-коммуникациялык ресурстарын калыбына келтирүүгө жардам берүү жагын карап көрүүгө чакырды.