Талант Мамытов менен Райымбек Матраимовдун кандай байланышы бар?

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов менен АКШнын “кара тизмесине” кирген Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кандай байланышы бар? Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров кезектеги иликтөөсүн жарыялашты. Алардын материалына ылайык, Матраимовдун кайниси Тынчтык Сулайманов Мамытовдун кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми Мамытовдун ага чейинки кеңешчиси, ошол эле учурда тууганы Азамат Эсенжан уулу Бажы кызматына инспектор болуп ишке алынганы айтылат. Мындайча айтканда, Мамытов менен Матраимов туугандарын бири-бирине кызматка алышкан болуп чыга келет.
Журналисттер жарыялаган материалдын чын же калп экендиги боюнча Талант Мамытов да, Райымбек Матраимов да комментарий бере элек.