Талант Мамытов: «Садыр Жапаровду учурдан пайдаланып чыгарып алалы деген жокпуз. Бул элдин талабы болду»

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында президенттик кызматты Садыр Жапаровго өткөрүп берип, Жогорку Кеңештин спикери кызматын аркалап жаткан Талант Мамытов «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди.

Ал октябрь айындагы элдик толкундоолор, мындан улам абакта жаткан Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышы боюнча комментарий берди. «Садыр Жапаровду ошондой учурдан пайдаланып чыгарып алалы деген ой болгон жок. Бул элдин талабы болду. Аны эл барып чыгарып келди. Ошол күндөрү толкундоолорду болтурбай, кан төктүрбөй өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу маанилүү болчу. Мен ошого аракет кылдым. Буга Жогорку Кеңеш депутаттарынын салымы чоң болду. Бийлик биздин жөнөкөй жараныбыздын кашык канына татыбайт»,- дейт спикер.

Мамытовдун маегин толугу менен шилтемеден табасыз.