Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрүнө кимдер алып барып отургузду? (видео)

Кечээ, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны болуп, парламенттин төрагасы шайланды. Спикерликке эки талапкер көрсөтүлүп, Талант Мамытовго 63 депутат, Адахан Мадумаровго 10 депутат, экөөнө тең каршы 14 депутат добуш берди.

Жогорку Кеңешке кайрадан төрага болуп шайланган Талант Мамытовду трибунага дейре Арсланбек Малиев, Улукбек Ормонов, Бакыт Төрөбаев, Нуржигит Кадырбеков, Марлен Маматалиев, Султанбай Айжигитов коштоп барышты.