Таласта Бабанов салган имараттын ачылышына Ташиев менен Шакиев барды (сүрөт)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусунун Айматов районундагы Аманбаев айылына иш сапары менен барды. Анда депутаттар жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү жетекчилер менен бирге Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу 1-июнда башталып, демөөчүлөр тарабынан 1 миллион доллардан ашуун каражат сарпталган. Бардык шарты менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү бийлик менен катар калкты тейлөө борбору жана музей жайгаштырылат.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев акыркы үч жыл аралыгында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолуп: “Быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион сомго жетти. Муну жемкорлукка каршы күчөтүлгөн күрөштүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатындагы алгылыктуу аракеттин жана жалпы эле жүргүзүлгөн туура экономикалык саясаттын жемиши катары караганыбыз оң”, – деди. Ошондой эле мамлекетти өнүктүрүүдө ар бир жарандын кошкон үлүшү маанилүү экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Өлкөбүздөгү жаңыланууларга өз салымын кошуп, борбордон алыс жайгашкан Аманбаев айылына ушундай заманбап имаратты куруп берген Өмүрбек Бабановдун жасаган иши көпчүлүккө үлгү. Мындай демилгелер дагы улантылып, ийгиликтүү ишкерлерибиз, чыгаан уул-кыздарыбыз өз айылдарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз”, – деп кошумчалады.

Төрага жаңы имаратта иш алып бара турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Андан соң Шакиев заманбап имараттагы түзүлгөн шарт менен таанышып, калкты тейлөө борборун, музейди жана жаңы ачылган паркты көрүп чыкты.