Талиева: «Өзгөчө статусу бар чек ара аймактарына Лейлектин 51 айылынан 14ү гана кирген»

«Өзгөчө статусу бар чек ара аймактарына Лейлектин 51 айылынан 14ү гана кирген». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди.

“Чек ара боюнча кырдаалды нукка салууда тажик эли менен мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселелер бар. Айрыкча тосулбаган чек ара аймагы ачык суроону жаратып жатканда, аны “бузуп өттү” деген өзөк сыдырган маселелер карапайым калкка кооптуулукту жаратууда. Ушундай жалаадан жабыркаган жарандарыбыздын он чактысы Тажикстандын абактарында отурушат. Аларды куткарып алуу жолдорун издөөдө элчилик эмне иш кылып жатат? Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин жообун угушубуз керек”, — деди депутат айым.

Ал “Баткен облусунун статусу тууралуу” мыйзамдын алкагында андагы жашоочулардын социалдык абалын жакшыртууда төлөнүүчү жөлөк пул 2 эсеге жогорулап, пенсияга 2 миң сомдон кошумча төлөнөрүн айтып өттү. Ошондой эле электр энергиясынын акылары менен эсептешүүдө, айыл чарба насыяларын алууда жеңилдиктер көрсөтүлөрүн билдирди. «Чек арага жакын Лейлек районунун айылдарынын ушул жеңилдиктерден пайдалануучу айылдары толук камтылбай калган. 51 айылдын аталган тизмеге болгону 14ү гана кирген. Анын арасында «дээрлик эл жашабаган Майты, Айкөл сыяктуу талаа аймактарынын камтылып калганы кандай?» деген суроонун да жообу түшүнүксүз. Кулунду, Булак-Башы, Ак-Суу, Бешкент, Маргун өңдүү бир топ айылдардын жашоочуларынын жардамга муктаждыгы курч», — дейт Талиева.

Буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев аталган облустагы өзгөчө статусу бар чек ара аймактарына кирген айылдардын тизмесин жарыялаган.