«Талтайба». Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевден жеме укту

«Талтайба». Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден жеме укту.

«Бизге эле кыйын болду. Өйдө жактан Адахан Кимсанбаевич урушат, бул жактан Камчыбек Кыдыршааевич урушат. Ынтымактуу болсок баары жакшы болот» деп сүйлөп жаткан депутаттын сөзүн УКМКнын төрагасы бөлдү. «Ошон үчүн талтайбаш керек, бир тарапта турсаңыз, сизди эч ким урушпайт», — деди Ташиев Түлөбаевге.

«Мен өкмөт тараптамын. Кээде адилеттүүлүк үчүн бутубуз кыйшайып кетип жатат. Оңолобуз», — деди Балбак Түлөбаев.