Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 7-апрелдеги жыйында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту. Маалымат менен Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Омар Султанов тааныштырды.
Комитет мүчөлөрү ошондой эле Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу да маалымат алышты. Аны менен Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев тааныштырды.
Талкуу маалында депутаттар бир катар маанилүү маселелерге көңүл бурушуп, айрыкча өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-билим берүү, туристтик жана башка тармактардагы байланыштарды бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо тууралуу кеп болуп, Швейцариядагы жана Германиядагы мекендештер жана диаспоралар менен кызматташтыкты күчөтүү, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү жана инвестициялык мамилелерди чыңдоо маселелери айтылды.