«Тарых өз баасын берет». Ташиев Жапаровдун экс-президенттер менен жолугушуусу боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун экс-президенттер менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.

«Мен мамлекет башчысынын бул демилгесин толугу менен, бардык жагынан колдойм. Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет. Себеби, кеп мамлекетибиздин келечеги жөнүндө болуп жатат, биз жалпы бардыгыбыздын биримдигибиз аркылуу өнүгүүгө карай кадам жасап жатабыз. Ооба, бүгүнкү күндө кимдер гана бул маселеге кайрылып, көз карашын айткан жок. Бул ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок мен бир гана нерсени баса белгилегим келет – мунун баары кандайдыр бир пиар үчүн же заматта эффект жаратыш үчүн жасалып жаткан жок. Мен муну башынан билген адам катары айтып жатам, бул даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем», — деди ал.