Ташиев депутаттарга: «Жамгырчиев качып жүрөт, айтып койгула, бүгүн эле келсин»

«Жамгырчиев качып жүрөт, айтып койгула, бүгүн эле келсин». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеште билдирди.

«Аны эч ким камайын деген деле ою жок. Кечээ депутат Нилуфар Алимжанованын 204-кабинетине кирип, 2-кабаттан секирип, качып кетип калыптыр. Бул эми эмне деген жорук?! Бул оор кылмыш эмес. Бирок мыйзам бузганы үчүн жооп берсин. Ишти сотко өткөрүп бермекпиз. Азыр дагы бир жакта качып жүрөт, качпай эле бүгүн тергөөгө келсин», — деди УКМКнын төрагасы.