Ташиев катышкан кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кийинки отурум Өзбекстанда өтөт

Кечээ кыргыз-өзбек чек арасын такташуу боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өттү. Анда эки жак  пандемиядан улам иши солгундап калган делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрдү. Анын ичинде чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Отурум конструктивдүү маанайда өттү, тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Жолугушуунун соңунда протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Өзбекстанда өткөрүү боюнча макулдашылды.