Ташиев: «Казакстанда кармалган кыргыз музыканты террорист эмес»

Бүгүн, 9-январда Бишкекте Казакстандын элчилигин жанында Алматыда кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалышына каршы өтүп жаткан митингге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Ал музыканттын тарапташтарына жана кесиптештерине окуя боюнча маалымат берди.

«Викрам Рузахунов террорист эмес жана эч качан буга байланышы да болгон эмес. Ал тартиптүү адам, катардагы жаран, музыкант. Бардык каналдар боюнча текшерип чыктык, Викрам Рузахунов башаламандыктарга, көчөдөгү жүрүштөргө эч качан катышкан эмес. Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынан кеткен маалымат туура эмес. Коңшулар иликтөөнүн риторикасын алмаштырышы керек. Биздин жарандарды террорчулукка айыптоо — бул туура эмес», — деди Ташиев.

Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды. Буга удаа эле Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам — бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов экенин тааныштары видеодон таанып, коңгуроо кага баштаган. Ички иштер министрлигинен музыканттын Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алганын, 2-январь күнү саат 20:00дө учуп кеткенин маалымдашты.