Ташиев: «Келин кордолуп, кыз кыйноого кабылса, эч качан жакшылыкка жетпейбиз»

Бүгүн, 6-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү жаңы төрөт үйүнүн курулушунун башталышына катышты. Анын жүрүшүндө ал жергиликтүү тургундарга кайрылды.

«Аялзатын сыйласак, кор кылбасак, эртең мамлекетибизди бага турган, коргой турган уул-кыздарыбызды төрөйт. Мына ошону эстен чыгарбаңыздар. Келинди кордоп, кызды кыйнап, апаны карабай турган болсок, эч качан жакшылыкка жетпейбиз. Бул аял киши да деп кол шилтеп койгон күндөр болуп жатты. Эми биз ушул мамилени өзгөртөлү. Эркектерге ушул жагынан бир аз айтып койдум, түшүнгөндөр түшүндү, түшүнбөгөндөр эми мындан ары түшүнүп калар», — деди Ташиев.