Ташиев курал алып барганбы? Мамытов менен урушканбы? Садыр Жапаров «эмоцияга алдырып койду» дейт

Садыр Жапаровдун «Кабар» сайтына берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда ал Ташиевдин парламентке курал алып барганы жана анын Мамытов менен уруша кеткени тууралуу кеп козголгон.

— «Жогорку Кеңешке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган» деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, «Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир» деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

 Депутаттар «Баткен бүтө электе маалымат бергиле» деп чакырышкан экен. «Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен» деген сөздөр болуп, «Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат» деген сындар болуптур. Анан «мына силерге автомат» деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду.