Ташиев Орусиядан аскердик техника сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү

29-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» компанисынын жетекчиси Александр Михеев менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушту. Буш тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Анда тараптар Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты. Эки жак кыргыз тараптын «Рособоронэкспорт» АК Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары УКМК Чек ара кызматынын керектөөлөрү үчүн «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин Кыргыз Республикасы тарабынан сатып алуу боюнча келишимге кол коюу болду. Аталган аскердик-техникалык буюмдар Кыргыз Республикасы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынат.