Ташиев УКМКда жеке курам менен жыйналыш өткөрдү

Кечээ, 28-августта УКМКнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган өздүк курамдын салтанаттуу жыйыны болуп өттү.

УКМКнын башчысы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен өздүк курамды жана коопсуздук органдарынын ардагерлерин куттуктап, өз сөзүндө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптануу тарыхына, жарандар үчүн да, атайын кызматтын кызматкерлери үчүн да эгемендүүлүктүн маанисине токтолду. Ал өздүк курамдын көңүлүн эгемендүүлүктүн негизи болгон өлкөнүн коопсуз жана динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тийиштүү эффективдүү ишти уюштурууга бурду.

УКМКнын өздүк курамын мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан президенттик аппараттын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков куттуктады. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздоону эсепке алуу менен, ички жана тышкы коркунучтарды активдүү түрдө нейтралдаштырууга басым жасады.