Ташиев уулдары менен биргеликте «баатыр энелерди» куттуктады

Бүгүн, 8-март күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан дээрлик 30 жылдан бери салтка айланган «Баатыр энелерди сыйлоо» аземи өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарында уюштурулган майрамдык иш-чарага миңден ашык энелер катышып, сыйланды.

«Дээрлик 30 жылдан бери сиздерди 8-март күнү бир аз болсо да маанайыңызды көтөрүп, ак батаңыздарды алууга аракет кылып келдим. Эми бул саамалыкты келээрки жылдан баштап менин уулдарым улантат. Балдарым дагы энелерди сыйлаганды, апаларга урмат сый көрсөткөндү үйрөндү деп ойлойм. Балдарымдын балдары дагы күнү келгенде бул салтты улантып кетсин», — деди Камчыбек Ташиев.