Тазабек Икрамов Жапаровдун «электр энергияга байлар байдай төлөйт» дегенин сынга алды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров электр тарифинин ыкчам темп менен көтөрүлөрүн жана байлар байдай төлөйт деген оюн билдирген. Депутат Тазабек Икрамов бул боюнча пост жазды.

«Бул ойдун логикасынын чеги, жакында тариф жогорулаарын билдик. Өкмөт электр энергиясына болгон тарифти көтөрөрдөн мурун, алгач 30 жыл ичинде бул тармакка алынган 1 миллиард доллардан ашык кредит, гранттардын эффективдүүлүгүн жана кайсы багытка жумшалганын инвентаризация жасап, коррупцияга баткан чиновниктерди жазалаш керек эле. Тескерисинче, бул тармакты сазга батырган Ширшов сындуу олигархтар менен кызматташып, алардын кадрларын тегерегине топтоп жатышат.

«200 миң муктаж үй-бүлөгө тариф арзандатпасак да субсидия жасайбыз» деп, кадыр колко кылгандары Баш мыйзамга каршы келет. Өкмөт субсидия кылганга милдеттүү. Конституциянын 1-берененин 1-бөлүмү, 23-берененин 1-3-бөлүмү, 24-берененин 1-бөлүмүнүн 2-абзацын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тебелеп жатат. Буга чейин «Муктаж үй-бүлөлөрдүн сүрөтүн жарыялайбыз» деп, ошол эле Баш мыйзамыбыздын 29-беренесинин 1-бөлүмүн бузган. Байлар байдай эмес, ар бир жаран керектөөсүнө жараша төлөрүн жана тоолуу аймактар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан субсидияланышы милдет экенин азыркы өкмөт так билиши керек. Бюджетти айтышса миллиард эмес, триллиондоп айтышат да, мектеп окуучуларына ысык тамак берүүгө күнүнө 7 сомдон берип жатышат. Триллион бюджетти бар мамлекетпиз, бирок Орусия өлкөсү бизге «мектеп окуучуларынын ысык тамагына» деп, 15 миллион доллар бөлгөнү нонсенс», — деп жазды ал.