Текебаев менен Атамбаев Садыр Жапаров тууралуу окшош пикир айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаров тууралуу окшош пикир айтышты.

Депутат Текебаев кечээ, 18-ноябрда «Азаттыктын» берүүсүндө Баш мыйзамдын жаңы долбоорун катуу сындады. Анын жүрүшүндө ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуевге карап:  «Сен Жапаров менен Ташиевди алдашың мүмкүн, бирок юристтерди, тарыхты, элди алдай албайсың. Силерге окшогондордун айынан… Бакиев кайда? Жапаровду ошол жолго түртүп жатасың», — деди.

Ал эми мурдагы президент Атамбаев кечээ, 18-ноябрда соттук отурумда: «Өлкөнү көрүп жатасыңар, жарга  алып барып такап койгондор, Сооронбайлар жана аны колдоп жүргөн кошоматчылар, чимкириктер Кыргыз өлкөсүн мындан ары да жардан кулатканы аракет кылышууда. Тилекке каршы, элдин үмүтү бар болгон Садыр Жапаров да ушуларды уккандай. Садыр Жапаровдун, ушул жаш жигиттин тегерегинде азыр Сооронбай менен Бакиевдин убагында бир жерин жалагандар жүрөт», — деди.

Алмазбек Атамбаев референдум тууралуу да комментарий бере өттү. «2016-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө мен бийликти парламентке, премьер-министрге берели дегенимде «узурпация» деп кыйкырып чыккан Роза Отунбаева, Зайнидин Курманов азыр тымпыйып отурат», — деди мурдагы президент.